28&Բ;апреля&Բ;2025
23-25-апрелде Россия Илимдер академиясынын Бишкектеги Илимий станциясында “Илимий изилдөөлөрдөгү заманбап техникалар жана технологиялар” аталышындагы Эл аралык конференция болуп өттү.
Конференциянын ишине “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин 4-курсунун студенттери Темирбек Атабеков жана Арууке Масалбековалар катышты. Алар бүтүрүүчүлүк квалификациялык ишин жазуунун алкагында алынган жыйынтыктар менен бөлүшүшкөн. Темирбектин докладынын темасы: Iterative optimization for NLP Systems: Textual Gradient Descent and Monte Carlo Methods. Ал эми Арууке төмөнкү темада доклад жасаган: Development of Multistage Numerical Methods for Solving Nonlinear Reaction-Diffusion Equations.